25.06.2021

Кыргызстандын Бишкек шаарындагы индивидуалдык көз протези

 

Кыргызстандын Бишкек шаарындагы индивидуалдык көз протези

«Бишкекте кайдан көз протезин алууга болот?» же «Кыргызстанда көз протезин сатып алуу» деген суроолор менен көптөгөн адамдар интернет желесиндеги издөө системаларына көп кайрылышат.

Акыркы алты айда биздин Көз протези боюнча лабораторияга Кыргызстандын жашоочуларынан «Бишкек шаарында көз протездерин жасайсыздарбы?» жана «Кыргызстанга келип жасоо иштери качан башталат?» деген суроолор менен көптөгөн телефон чалуулар болду.

Кыргызстан ЕАЭБ бажы бирлигинин мүчөсү болуп саналат, мунун натыйжасында Бишкек шаарындагы О.А.Кадыровдун тиш техникасы лабораториясындагы өнөктөштөрүбүз менен биргеликте Бишкек шаарына барып протездерди жасап баштоо жөнүндө чечим кабыл алдык. Барып жасоо иш-чараларынын алкагында жогорку бекемдиктеги заманбап полимерден индивидуалдык көз протездери жасалат, ошондой эле стандарттык формадагы көз протездери тандалат. Бишкек шаарында жеткиликтүү баада полимердик көз протезин сатып алуу мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын жашоочулары үчүн абдан маанилүү социалдык жаңылык болуп саналат. Алгачкы барып дарылоо 2021-жылдын ноябрь-декабрь айларына пландалды.

Пластмасса көз протездери Кыргызстандын жашоочулары үчүн жаңы продукт болуп саналат. Бул боюнча, протездик-ортопедиялык буюмдун негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берели:

  1. Пластмасса көз протезинин жогорку бекемдиги. Пластмасса көз протездери, көз көңдөйүн жууп жатканда раковинага же полго түшүрүп сындырып алууга мүмкүн болгон айнектен айырмаланып, абдан жогорку механикалык бекемдикке (сынбайт) ээ;
  2. Пластмасса көз протезинин жылуулукту төмөнкү деңгээлде өткөрүшү. Бизди курчаган бардык нерселер белгилүү жылуулук өткөрүүгө ээ жана көз протездери дагы мунун ичинде. Пластмасса көз протездери жылуулукту төмөнкү деңгээлде өткөргөнү үчүн курчаган чөйрөнүн температурасы төмөн же жогору болгон учурда (анын ичинде температура кескин өзгөргөн учурда) бейтаптар үчүн ыңгайсыздык жаратпайт: суукка чыкканда (бетке муздак шамал урганда) ыңгайсыздык сезимин (көз көңдөйүнүн муздашы) жаратпайт жана тескерисинче, курчаган чөйрөнүн температурасы жогорулаган учурда көз көңдөйү ысып кетпейт (жайкы ысык күн, мончого же саунага баруу);
  3. Пластмасса көз протезинин узак убакытка колдонулушу. Пластмасса көз протездеринин айнекке караганда эң маанилүү артыкчылыктарынын бири – бул көпкө чейин колдонуу жана кийин оңдоого мүмкүн болгон өзгөчөлүгү. Пластмасса көз протези орто эсеп менен 24 ай кызмат көрсөтөт, ал эми айнек протез болгону 12 ай. Муну менен бирге пластмасса көз протезин оңдоого (жылмалоо) жана андан кийин дээрлик көп убакыт колдонууга болот.
  4. Пластмасса көз протезинин максималдык косметикалык эффекти. Айнек жана пластмасса көз протездерин даярдоо технологиясы таптакыр башкача. Бул көз протезин салууда мыкты косметикалык жыйынтыкка ээ болуу үчүн түздөн түз таасир этет. Айнек көз протездери балаты оюнчуктарынын принциби боюнча айнектен «үйлөнүп» жасалат деп айтууга болот, бул протез даярдалгандан жана алгачкы жолу ченеп көрүлгөндөн кийин анын формасына өзгөртүү киргизүүгө тоскоолдук жаратат. Ал эми пластмасса көз протезинин формасын оңдоого болот. Бул убакытты үнөмдөйт жана көз протезин көз көңдөйүнө так «жайгаштырууга» мүмкүнчүлүк берет.

Бишкектеги көз протезинин наркы (көз протезинин баасы) 15 000 ден 25 000 сомго чейин. Көз протезин даярдоо жана тандоого жазылуунун, ошондой эле башка кошумча маалыматты алуунун төмөнкүдөй жолдору бар:

— Бишкек ш. биздин аймактык өкүл Кадыров Омар Алымжанович менен телефон же WhatsApp каражаты аркылуу байланышуу: +996 558 808 018;

— биз менен түздөн түз Viber мессенджери же WhatsApp каражаты аркылуу байланышуу: +79514207282;

— Биздин сайттагы (шилтеме) жазылуунун электрондук сервиси аркылуу жазылсаңыз Сизге чалабыз;

Биздин Көз протези лабораториябыздын ишмердиги жөнүндө кошумча маалыматты төмөнкү булактардан алсаңыз болот:

интернет желесиндеги расмий сайт https://centrglazomsk.com/

Instagram аккаунт @glaznoi_protez_rf

— Вконтакте социалдык желесиндеги группа https://vk.com/centrglazomsk

Facebook социалдык желесиндеги группа https://www.facebook.com/centrglazomsk

Биз ар дайым байланыштабыз, суроолоруңузга жооп берүүгө жана ар дайым жардам берүүгө даярбыз. Жазыңыз, чалыңыз, сураңыз – Сизге сөзсүз түрдө жооп беребиз!